«Орусча сүйлөгөн кыргыздардын чоң ата-чоң апасы менен баарлаша албаганы эмне деген шумдук» дейт англиялык жигит

Самуэль Григгс — англиялык жигит. Кыргызстанда жашап жаткан 3 жыл аралыгында кыргыз тилинде суудай сүйлөп, комузда кол ойнотуп, дастанды келиштире аткарганга үйрөнгөн. Кыргыз тилин жоготпой, өнүктүрүүгө чакырган Самуэль мырза SuperTV‘га маек берди.

«Орус тили Кыргызстанда расмий тили болуп саналат. Бул да жакшы. Бирок кыргыз болуп туруп, кыргызча сүйлөбөсөң уят. Тилди ата-бабалардан калган мурас деп эсептейм. Чоң ата-чоң апабыз менен баарлаша албаган учурлар болот. Алар балким, орусча жакшы билишпейт. Жаңы муун орусча сүйлөйт. Анан эки муун баарлаша албаганы — бул кандай шумдук», — деди ал.