Орусия кыргыз-тажик чек арасын тактоого көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди

иллюстрация

Москва Кыргызстан жана Тажикстанга чек араларды тактоо боюнча бай тажрыйбасын бөлүшүүгө даяр. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко айтканын ТАСС агенттиги жазды.

«Тажик-кыргыз чек арасындагы кырдаал туруксуз бойдон калууда, бул Орусиянын олуттуу тынчсыздануусун жаратууда. Биз ырааттуу түрдө ал жерде жаралган бардык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүүнү жактайбыз: ок атышууну токтотуу келишимдерин так сактоо, күчтөрдү жана аскердик техниканы чыгарып кетүү, улуттар аралык кастыкты козутууга жол бербөө», — деди тышкы иштер министринин орун басары.

Буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко Москва Бишкек менен Дүйшөмбүгө чек араларды делимитация жана демаркация кылууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирген. Ал тараптар орусиялык эксперттерди тартууга макул болсо, Москва картографиялык материалдар менен жардам бере аларын кошумчалаган.