Москванын коммуналдык кызматы Кыргыз өлкөсүнөн 500 короо шыпыргыч алып келүү үчүн учак жибергени жатат. Буга карата орус саясатчысы Владимир Жириновский нааразычылыгын билдирди.
Короо шыпыргычтар үчүн атайын рейс уюштуруу тууралуу Эмгек мигранттар профсоюзунун төрагасы Ренат Каримов телеканалдардын бириндеги маегинде билдирген.
“Бизге 500 короо шыпыргыч жетпей жатат. Жардам бергилечи. Алардын керек болуп жатканы ушунчалык, Бишкекке учууга бир учак камдап койгонбуз” деген ал.
Каримовдун айтымында, москвалыктар короо шыпыргычтын жумушун кара иш катары кабыл алышат. Мындан улам 45 миң рубль айлык төлөнсө да, ал жумушка иштөөнү каалашпайт.
Бирок анын сөзүнө каршы болуп жаткандар да бар. Алардын катарында саясатчы Владимир Жириновский “Владимир, Смоленск, Кострома, Иваново, Тула, Ярославль, Брянск жана башка региондордон чогултсаңар канча деген короо шыпыргыч табасыңар. А бирок аны кылбайсыңар” деп билдирген.