Орусия Кыргызстандан помидор менен калемпир ташууга уруксат берди

Россельхознадзор 5-марттан тартып буга чейин тогуз өлкөдөн жашылча ташууга киргизилген тыюуну жоёт. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында жарыяланды.

Мындан ары Египеттен картошка, Армения менен Азербайжандан томат, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан омат менен калемпир, Түркиядан томат, калемпир, баклажан ташып келүүгө уруксат берилди.