Орусия Кыргызстанга аба каттамдарынын санын көбөйтөт

27-августтан тарта Орусия Венгрияга, Кыргызстанга, Тажикстанга жана Кипрге аба каттамдарын көбөйтөт. Бул тууралуу Коронавируска каршы кырдаалды көзөмөлдөө боюнча штаб билдирди.

Маалым болгондой, жайдын аягынан тарта Кыргызстанга Москва — Бишкек каттамы боюнча учууга мүмкүн болот. Бул рейс эми жумасына жети күн учат (мурда ал жумасына үч жолу аткарылган).

Эми Бишкек жана Ош шаарларына Новосибирск, Красноярск, Казан, Екатеринбург, Иркутск, Грозныйдан ар бир каттам боюнча жумасына бир каттам менен учууга болот. Эске салсак, COVID-19 пандемиясы башталгандан бери дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө эл аралык каттамдардын көбү токтотулган.