Орусия Кыргызстанга баңгизатка каршы күрөшүүгө кайтарымсыз негизде 5,2 миллион доллар берди

Орусия Кыргызстанга баңгизаттка каршы күрөшүү жана аны мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы иштерине кайтарымсыз негизде 5,2 миллион доллар берди. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айтылган бул суммалар 2021-2022-жылдары өлкөнүн Ички иштер министрлигинин баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматына которулуп берилет.