Орусия Кыргызстанга бензин жана дизель үчүн квотаны 225 миң тоннага азайтты

2023-жылы Орусия менен Кыргызстандын ортосунда күйүүчү майды алымсыз жеткирүүнүн индикативдик балансы төмөндөтүү менен кабыл алынган. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча жалпы күйүүчү май керектөө 1,5 миллион тоннаны түзөт, бирок Орусия менен 2023-жылга келишим боюнча индикативдик баланс төмөндөтүү менен кабыл алынган.

«Эгерде 2022-жылы 650 миң тонна бензин жана 550 миң тонна дизель майын алымсыз сатып алсак, 2023-жылга карата көлөм 460 миң тонна бензинге жана 485 миң тоннага чейин кыскарды», — деди ал.

Эшатов түшүндүргөндөй, Кыргызстанда ата мекендик күйүүчү майларды өндүрүү, тескерисинче, азайып баратат. Буга байланыштуу жыл аягына чейин күйүүчү майды алымсыз ташып келүүгө квоталарды карап чыгуу маанилүү, анткени баалар 3 сомдон 5 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн.