Орусия менен Кыргызстандын ортосунда айыл чарба продукцияларын жеткирүү боюнча меморандумга кол коюлду

Кечээ, 24-февралда айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Орусиянын айыл чарба министри Дмитрий Патрушев, Орусиянын «Бириккен дан компаниясы» ААКтын жетекчиси Дмитрий Сергеев жана Балык чарбасы федералдык агенттигинин жетекчиси Илья Шестаков менен жолукту. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-февралда билдирди.

Жолугушууда Аскарбек Жаныбекович айыл чарба жаатында тараптардын кызматташуусунун оң тенденциялары жөнүндө айтып, 2018-2019-жылдарга карата өлкөлөрдүн ортосундагы айыл чарба продукциясы менен соода жүгүртүүнүн көлөмү 10%, экспорттун өсүшү (Россияга) 30% болгонун, импорт (Орусиядан) 4% жогорулагандыгын белгиледи.

Жолугушуунун негизги максаты Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен Орусиянын Айыл чарба министрлигинин ортосунда буудай, өсүмдүк майы, жана башка айыл чарба продукцияларын ташуу жаатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Бул документ кызматташуунун мындан ары илгерилешине кызмат кылат. Меморандумду ишке ашыруу Орусиянын «Бириккен дан компаниясы» менен Кыргызстандын жеке камсыздоочуларынын ортосундагы кызматташтык аркылуу жүзөгө ашырылат.

Жолугушууда Дмитрий Патрушев Орусиянын өкмөтү ушул жылдын апрель айынан баштап Кыргыз Республикасына дан эгиндеринин керектүү көлөмүн, ошондой эле, башка айыл чарба өсүмдүктөрүн жана тамак-аш азыктарын жеткирүүгө даяр экендигин билдирди.

Ошол эле учурда эки ведомствонун министрлери айыл чарба үрөндөрүн ташуу жана мал чарбасын асылдандыруу жаатында кызматташуу маселесин да талкуулашты. Мындан тышкары алар Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Орусиянын өкмөтүнүн ортосундагы Балык чарбасы жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун тез арада кароо маселесине токтолушту. Маселенин чечилиши бул багыттагы кызматташууну өркүндөтүп, балык жана балык азыктары менен өз ара сооданын өсүшүнө өбөлгө түзөт. Тараптар айыл чарба жаатында кызматташууну тереңдетүү зарылдыгы жөнүндө бирдиктүү жыйынтыкка келишти