Орусияда кыргызстандык 1 жашар кыз апасына кайтарылды

Кыргызстандын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү бир жаштагы кыргызстандык кыздын оор турмуштук кырдаалга кабылды деген кайрылууга көңүл буруп, жардам беришкен.  

Эмгек министрлигинен билдиришкендей, өкүлчүлүккө кыздын апасы кайрылган. Анын айтымында, кызды балдар үйүнө убактылуу өткөрүшкөн. Ал учурда апасы дарыланып жаткан. Дарылоо аяктагандан кийин баланы ага кайтаруудан баш тартышкан.

Министрлик апасына кызы менен жолугууга жардам берип, баланы документтештирүүгө жана Кыргызстанга учуп кетүүгө жардам берген.