Орусияда 3 жаштагы бала 8-кабаттан кулап кете жаздаган. Аны Аман Батырбеков сактап калды

Орусиянын Нижневартовск шаарындагы кырсыктын Аман Батырбеков алдын алганын ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, үйдүн жашоочуларынын көңүлүн көп кабаттуу үйдүн терезесинен ыргытылып жаткан оюнчуктар бурган. Алар 8-кабаттын терезесинен баланы байкап, полиция чакырышкан. Полиция келгиче кошуналар 3 жаштагы баланы үйгө кирүүгө көндүрүүгө аракет кылышкан, бирок мындан майнап чыккан эмес. Полиция келип, үйдүн эшигин тыкылдатканда эч ким ачкан эмес. 

Ошондо Батырбеков жардамга келген. Ал 9-кабаттан аркан менен түшүп, батирге кирип, баланын жалгыз экенин көргөн. Ата-энеси баланы бутунан жип менен эмерекке байлап таштап кетишкен. Баланын апасы табылганда бир аз мурда эле эшикке чыгып кеткенин айткан.