Орусияда 3 жаштагы баланы куткарып калган кыргызстандык сыйланды

Орусиянын Нижневартовск шаарындагы кырсыктын Аман Батырбеков алдын алганын ЖМКлар жазып чыгышкан. 

Маалыматка караганда, үйдүн жашоочуларынын көңүлүн көп кабаттуу үйдүн терезесинен ыргытылып жаткан оюнчуктар бурган. Алар 8-кабаттын терезесинен баланы байкап, полиция чакырышкан. Полиция келгиче кошуналар 3 жаштагы баланы үйгө кирүүгө көндүрүүгө аракет кылышкан, бирок мындан майнап чыккан эмес. Полиция келип, үйдүн эшигин тыкылдатканда эч ким ачкан эмес. 

Ошондо Батырбеков жардамга келген. Ал 9-кабаттан аркан менен түшүп, батирге кирип, баланын жалгыз экенин көргөн. Ата-энеси баланы бутунан жип менен эмерекке байлап таштап кетишкен. Баланын апасы табылганда бир аз мурда эле эшикке чыгып кеткенин айткан.

Кечээ, 28-августта Сургут шаарындагы Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кеңсесинде Консулдун Нижневартовск шаарындагы 3 жашар баланы куткарган Кыргыз Республикасынын жараны Аман Батырбеков менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга, ошондой эле Нижневартовск шаарындагы «Ынтымак (Достук)» Кыргыз маданияты коомдук уюмунун жетекчиси да катышты. Аман Батырбековго Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыраазычылык каттары тапшырылды. Консул Аман Батырбековго өмүрүн тобокелге салган шартта көрсөткөн эрдиги жана чечкиндүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы ийгиликтерди каалады.