Орусиянын Пенза облусунда 27-ноябрда Кыргыз жаранына карата өкүм чыкты. Бул тууралуу Интерфакс облустук сотко шилтеме берүү менен жазды.
2023-жылдын 13-январында эртең менен Пенза облусунун Нижнеломовский районундагы Вирга айылына жакын жерде кырсык болгон. Жүк ташуучу унаа 14 жүргүнчүсү бар кичи автобус менен сүзүшкөн. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу кыргызстандык, ал Москвадан келе жаткан. Айыптоочу тараптын айтымында, ал рулду башкара албай калып, натыйжада жүк ташуучу унаа жолдо тайгаланып, каршы тилкеге чыгып кетип, кичи автобусту сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен кичи автобустун айдоочусу жана жүргүнчүсү каза болуп, үч жүргүнчү жабыркаган. Сотто кыргызстандык күнөөсүн мойнуна алган эмес.
Сот тараптардын пикирин угуп, аны Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренесинин 5-бөлүмү (Байкабастыктан эки адамдын өлүмүнө алып келген жол кыймылынын эрежелерин бузуу) боюнча күнөөлүү деп тапты. Кыргызстандык 5 жылга эркинен ажыратылып, транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылды.