Орусияда бийиктиктен кулап каза болгон Кыргыз жаранынын сөөгү бүгүн мекенине жөнөтүлөт

Орусияда бийиктиктен кулап каза болгон Кыргыз жаранынын сөөгү бүгүн мекенине жөнөтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Санкт-Петербург шаарында иштеп жүргөн 31 жаштагы Кыргыз жараны 22-майда бийиктиктен кулап каза болгон. Учурда тийиштүү органдар тарабынан өлүмдүн жагдайлары иликтенүүдө. «Сөөктү алып кетүүгө уруксат берилип, 25-майда Санкт-Петербург – Ош аба каттамы менен Кыргызстанга жөнөтүлөт. Ага кеткен чыгымдарды жабуу үчүн кенемте алууга маркумдун жакындарына кеп-кеңештер берилди», — деп айтылат билдирүүдө.

Кечээ, 24-майда Орусиянын ЖМКлары Санкт-Петербургда жайгашкан жатаканалардын биринин терезесинин жанынан короо шыпыргыч болуп эмгектенген Кыргыз жаранынын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу жазышкан эле.