Орусияда билим алган кыргыз студенттер окуусуна кайта алышат

Эпидемиологиялык абал туруктуу өлкөлөрдө жашаган студенттер Орусиядагы окуусун уланта берсе болот. Анын катарында Кыргыз мамлекети да бар. Бул тууралуу аталган өлкөнүн өкмөтүнөн билдиришти.

Жарыяланган токтомго ылайык, бул мүмкүнчүлүктү студенттер, аспиранттар, ординаторлор жана даярдоочу курстардын угуучулары колдоно алат. Чет элдик студент 10 күн мурда өзү билим алган окуу жайга келе тургандыгы тууралуу электрондук почта аркылуу кабар бериши керек. Орусияга уча турган акыркы үч күн ичинде ПЦР-тест тапшырышы зарыл. Орусиянын аймагына кирген соң 72 сааттын ичинде дагы бир ирет ПЦР-тест тапшырылат. Анын жыйынтыгы чыккыча студент обочолонуп туруп, тапшырган анализи таза чыккандан кийин гана окууга бара алат. Ар бир студент кенен маалымат менен өз окуу жайынын расмий сайтынан тааныша алат.