Орусияда бир ишканада иштеген 8 Кыргыз жараны менингит менен ооруп жатат

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москва облусундагы «OZON» компаниясынын кампасында иштеген Кыргыз жарандарынын менингит менен жапырт ооруп жатканы боюнча үн катты.

Алынган маалымат боюнча Истра аймактык клиникалык ооруканасына 3 Кыргыз жараны жана Красногорск шаардык №1 ооруканасына 5 Кыргыз жараны жаткырылган. Алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Учурда Роспотребнадзор тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, оорулуулардан тиешелүү анализдер алынууда.

Аталган жерге барган элчиликтин кызматкери «OZON» компаниясынын, Роспотребнадзордун жана медициналык мекемелердин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө экени маалымдалды.