Орусияда бычакталып өлтүрүлгөн 17 жаштагы жигит. «Кыздарды коргойбуз деп барышкан экен» дейт жакыны

Москвада Кыргыз жарандары бычакталып, бири — 17 жаштагы жигит каза болгон. Шектүү катары төрт кыргызстандык кармалган. Каза болгон жигиттин сөөгү 26-мартта Нарын облусунун Кызыл-Жылдыз айылында жерге берилген.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги маркумдун жакыны менен байланышканыбызда, анын Орусияга кеткенине февралда 1 жыл болгонун айтты. «Былтыр февралда кеткен. 3 бир тууган. Эжеси менен иниси бар. Шектүүлөр менен тааныштыгы жок болчу экен. Ошол күнү 3 кыргыз кыз иниме чалып, аларды жигиттер кармап алганын айтып, жардам сурашыптыр. Жанындагы бала экөө ошол жакка барганда бычактап салып жатышат. Жанындагы бала азыр ооруканада. Бычак анын жүрөгүнө бир аз эле жетпей калган экен. Иним кыздарды коргойм деп барып жатат. Ал эми шектүүлөр соттун чечими менен 2 айга камакка алыныптыр», — деди агасы.

Сүрөттөр маркумдун жакыны тарабынан берилди.