Орусияда документтерин жоготуп алган Кыргыз жараны аэропортто эки күн түнөгөн

Кыргыз жараны эки күн документтери жоголгонуна жана Кыргызстанга учуп кетүү мүмкүнчүлүгү болбой жаткандыгына байланыштуу «Шереметьево» эл аралык аэропортунун стерилдүү зонасында жүргөн. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Бул факты боюнча вице-консул Кыргыз жаранына көмөк көрсөтүү үчүн аэропортко барган. Натыйжада, 1974-жылы туулган Кыргыз жараны 9-июнь күнү саат 01:35 чамасында Москва-Ош каттамы менен учуп кетмек, чек ара көзөмөлүнөн өткөндөн кийин аты-жөнүн тастыктаган бардык документтерин жоготуп алганы аныкталган. Аталган жаран Кыргыз Республикасына тоскоолдуксуз кайтып кетүүсү үчүн «Шереметьево» эл аралык аэропортунда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын Чек ара көзөмөл отряды менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

«Бардык маселелер чечилгенден кийин 10-июнда ага мекенине кайтуу күбөлүгү жасалып берилип, жакынкы аба каттамга билет алууга көмөк көрсөтүлдү. Ошондой эле жаран 12-июнь күнү саат 08:00дө мекенге ийгиликтүү учуп кетти. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, элчилик Кыргыз жарандарынан аты-жөнүн тастыктаган документтерине сак болууну жана этияттык менен мамиле кылууну өтүнөт», — деп айтылат маалыматта.