Орусияда жашоого уруксат алууну каалаган Кыргыз жарандары сынак тапшырышы керек

1-сентябрдан тарта Орусиядагы мигранттар орус тили, тарыхы жана мыйзамдардын негиздери боюнча сынак тапшырышы керек. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Орусиянын өкмөтү тарабынан убактылуу жашоого, иштөөгө уруксат же патент алуу үчүн тиешелүү жарлык кабыл алынган. Орусияда иштеген кыргызстандыктар бул жарлыкка баш ийбейт, анткени республика ЕАЭБдин мүчөсү. Бирок Орусияда убактылуу жашоого (вид на жительство) уруксат алганы жаткан мекендештер сынак тапшырышы керек. Жобо 2021-жылдын 1-сентябрында күчүнө кирет жана алты жыл бою иштейт.