Орусияда жүрүп жаткан «Нелегал» операциясы тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты

Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан «Нелегал» комплекстүү ыкчам-профилактикалык операциясы жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги билдирүү таратты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.

Чет өлкөлүк жарандардын Орусиянын миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарын сактоосун камсыздоо максатында мындай рейддер пландуу түрдө үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча административдик жоопкерчиликке Орусияда жүрүү эрежесин бузган адамдар гана тартылат. Өз кезегинде элчилик терс кесепеттерге жол бербөө үчүн Кыргыз  жарандары тарабынан Орусиянын мыйзамдарын туура жана так сактоо зарылдыгына туруктуу негизде чакырып келет.

Мекендештерге максималдуу жардам көрсөтүү үчүн дипломатиялык өкүлчүлүктө алардын кайрылууларына ыкчам жооп берүү жана алар менен тыгыз кызматташуу максатында «Түз байланыштын» төмөнкү телефондору иштейт: +7 (925) 115-50-47, +7 (925) 285-50-47. Көрсөтүлгөн телефондор аркылуу орточо эсеп менен 220-250 чалуулар кабыл алынат. Кыргыз жарандарынын ар бир кайрылуусу консулдук бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан каралат жана элчиликтин көзөмөлүндө турат.

Социалдык тармактарда тарап жаткан 14 Кыргыз жаранынын президентке алардын укуктары бузулуп жаткандыгы тууралуу видео кайрылуу боюнча элчилик аларга зарыл болгон бардык жардамдарды көрсөтүү максатында, кыргыз диаспора бирикмелеринин ресурстарын колдонуу менен видео кайрылуунун авторлорунун жекелигин жана алардын жүргөн жерин аныктоо боюнча чараларды көрүп жатат. Элчилик укук коргоо ишинин алкагында бул мекендештерге карата жеке маалыматтар келип түшкөн учурда сөзсүз түрдө тийиштүү иш-чараларды жүргүзөт.

Элчилик кошумча түрдө Санкт-Петербург, Красноярск, Владивосток, Иркутск, Сургут, Якутск, Южно-Сахалинск шаарларындагы Канцелярияларынын, ошондой эле Екатеринбург жана Новосибирск шаарларындагы Башкы консулдуктарынын байланыш телефондору тууралуу маалыматты берет:
1. Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу: + 7 (991) 199-35-95; +7 (343) 227 39 39; +7 (343) 223 68 13; +7 (343) 223 68 14.
2. Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу: +7 (960) 781 23 24; +7 (953) 801 78 18; +7 (383) 319 07 62; +7 (383) 349 58 43;
3. Элчиликтин Владивосток шаарындагы Канцеляриясы: +7 (900) 150-57-80;
4. Элчиликтин Иркутск шаарындагы Канцеляриясы: +7 (914) 924 36 32, +7 (964) 211 00 81;
5. Элчиликтин Красноярск шаарындагы Канцеляриясы: +7 (391) 234 34 08, +7 (995) 096 06 75;
6. Элчиликтин Санкт-Петербург шаарындагы Канцеляриясы: + 7(929) 512 39 05;
7. Элчиликтин Сургут шаарындагы Канцеляриясы: +7 (982) 197 63 36; +7 (982) 159 12 92;
8. Элчиликтин Южно-Сахалинск шаарындагы Канцеляриясы: +7 916 094 00 11;
9. Элчиликтин Якутск шаарындагы Канцеляриясы: +7 (916) 445 52 75.