Президентке жолугуп, жардам берүүнү суранган 12 жаштагы баланын атасы Тажикстанга өткөрүп берилеби?

Кыргыз жараны Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына Тажикстандын өтүнүчү менен Орусияда камакка алынган бир тууганы Эсен Мажитов боюнча кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, Эсен Мажитов Кыргызстандан Нижний Новгород шаарына барганда дароо кармалган.

Мажитовдун туугандарынын айтымында, тажик бийлиги ага каршы кылмыш ишин былтыр август айында ачкан. Ал Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында болгон массалык башаламандыкка катышкан деп айыпталган. Ал кагылышуу бир нече турак үйдүн, анын ичинде Мажитовдордун үйүнүн өрттөлүшүнө алып келген. Эки тараптын жарандары жаракат алышкан.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери башкы прокурор Курманкул Зулушевге кат жөнөтүшкөн. Катта Кыргыз жаранынын тажик тарапка өткөрүлүп берилбешин суранышкан. 6-майда башкы прокурор Тажикстанга Кыргыз жараны Эсен Мажитовду өткөрүп берүүдөн баш тартуу өтүнүчү менен Орусияга кат жөнөткөн. Кыргыз тараптын кайрылуусу Орусия Федерациясынын Башкы прокуратурасы тарабынан канааттандырылган.

Кыргызстандын жараны Эсен Мажитов Орусиянын Нижний Новгород шаарына жумуш издеп барып, учактан түшөрү менен полицияга кармалган. Ага Тажикстандын «оор кылмышкер катары эл аралык издөө жарыялаганы» себеп болгон. Орусиянын укук коргоо органдары аны башаламандык уюштурууга айыптап кармаган. 10-майда анын уулу Адил Абдурахимов президент менен жолуккан. Президент Садыр Жапаров атасына жардам берүүнү убадалаган.