Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан Москва шаарынан ата-энесинин камкордугусуз калган 3 айдан 12 айга чейинки 5 наристе кайтарылды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Балдардын кайтарылышы Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинин консулдук бөлүмү жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин жардамы менен уюштурулган. Министрлик балдарды биологиялык үй-бүлөлөрү менен бириктирүү жана баланын абалын, анын ичинде социалдык, медициналык, психологиялык жана укуктук колдоо маселелерин комплекстүү баалоо боюнча иштерди жүргүзөт.