Орусияда каза болгон 20 жана 23 жаштагы кыргызстандык жигиттер. Кармалган жаран үй камагына чыкты

Орусияда жумуш учурунда каза болгон үч кишинин өлүмү боюнча подрядчик компаниянын директору кармалган. Москванын Кузьминский соту кылмышка шектүүнү үй камагына чыгарды.

Ал 7-октябрга чейин үй камагында болот.

7-августта Москва шаарынын Люблино аймагында суу түтүгүн тазалап жатып эки кыргызстандык жана бир тажик жаранынын каза болгону маалым болгон. Окуя боюнча Тышкы иштер министрлиги маалымат берип, кырсыктан Кыргызстандын 2002 жана 1999-жылы туулган жарандары каза болгонун билдиришкен.