Орусияда Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан баргандар массалык мушташканы айтылууда

Москванын жанындагы Красногорск шаарында Кыргыз, Тажик жана Өзбек жарандары катышкан массалык мушташ болгонун Mash Telegram каналы кечээ, 14-сентябрда жарыялады.

ЖМКлардын маалыматына караганда, алардын баары иштешет жана мушташ курулуштун жанында болгон.

«13 Өзбек жараны 5 Кыргыз жараны менен 4 Тажик жаранына кысым көрсөтө баштаган. Полиция өз убагында жетип барып, чогулгандарды тараткан. Аларды короолордон кармоого туура келген», — деп жазат ЖМКлар.