Орусияда кыргызстандык аялды поезд сүзүп кеткен

Орусиянын Екатеринбург шаарында 38 жаштагы кыргызстандык аялды поезд сүзүп кеткенин Орусиянын ИИМинин Урал федералдык округу боюнча транспорт башкармалыгы билдирди.

Окуя Ботаническая станциясында болгон. Аял ооруканага жаткырылган. Полиция текшерүү жүргүзүп жатат.