Орусияда кыргызстандык таксистке кылмыш иши козголду

Орусияда Кыргызстандын жаранына кылмыш иши козголгонун Орусиянын Тергөө комитети билдирди.

Ал Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 30-105-беренеси (Киши өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча шектелүүдө.

Тергөөнүн версиясы боюнча, кылмыш 24-октябрда болгон. Кыргызстандык такси кызматында иштеп, кардары менен уруша кеткен. Кардар жол киренин төлөөдөн баш тарткан, жүргүнчүнүн айтымында, таксист эки эсе көп сумманы айткан. Мындан улам алар мушташып, таксист жүргүнчүнү отвертка менен төрт жолу уруп жиберген.