Орусияда медкароодон өтүшү керек болгон миңдеген мигранттардын кезеги (сүрөт)

Москвада медкароодон өткөн деген маалымкат алуу үчүн миңдеген мигранттар кезекте турушат. Бул тууралуу Нурайым Идирисова аттуу Фейсбук колдонуучу жазып чыкты.

«Кыргыз, Өзбек, Тажик жарандары кайрадан документ жасатып жатышат. 5680-кезек болуп, таң атып, кеч кирип кетсе да күтүп отурушат экен. Муну мигрант гана жон териси менен сезип, канчалык көйгөй жаратканын билбесе, элчи, бийлик муну билбейт окшойт», — деп жазды ал.

2022-жылы Орусияда бардык чет элдик жарандар, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн баргандар үчүн да милдеттүү медициналык текшерүү киргизилди. Ар бир үч ай сайын медициналык кароодон өтүшү керек. Буга чейин Жогорку Кеңеште мигранттар медициналык маалымкат алуу үчүн 6 миң сомго жакын акча короторун айтылган.