Орусияда мигранттарды кошумча медтекшерүүдө акы алынбай турган болду

Москва шаарынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын башкалар үчүн коркунуч туудурган жугуштуу оорулардын бар/жоктугуна кошумча (тереңдетилген) текшерүүдөн өткөндүгү үчүн акы төлөө жокко чыгарылды. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

«Мындан тышкары, Москва шаарынын «Көп функционалдуу миграциялык борбор» мамлекеттик бюджеттик мекемесинин аймагында жүргүзүлгөн медициналык изилдөөлөрдүн тизмеси кеңейтилди. Ошону менен, башка медициналык мекемелерге жиберилбестен, аталган Борбордун аймагында жугуштуу оорулардын бар-жоктугуна кошумча (тереңдетилген) медициналык текшерүүлөр жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк жаран жугуштуу оорунун диагнозу тастыкталган жана тийиштүү дарылоону талап кылган учурда Москва шаарындагы адистештирилген медициналык уюмдарга жөнөтүлүүгө тийиш. Бул учурда жугуштуу ооруларды дарылоо үчүн акы алынбайт»,- деп айтылат маалыматта.