Орусияда мыйзамсыз иштеп жүргөн 15 жаштагы кыздын жанында эжеси болгон

Орусиянын Красноярск шаарында полиция эмгек мигранттары арасында рейд өткөргөн. Текшерүү учурунда 2009-жылы туулган кыргызстандык кыз аныкталган. Коопсуздук кызматкерлеринин айтымында, ал Орусияда мыйзамсыз жашап, ал жакка мыйзамдуу өкүлдөрү жок жалгыз барган.

Бул боюнча ТИМ маалымат таратып, кыздын жанында эжеси болгонун билдиришти. «2008-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жараны ата-энесинин ишеним каты менен 1988-жылы туулган эжеси менен болгон. Административдик укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, кыз эжесине өткөрүп берилген», — дешти.