Орусияда мыйзамсыз жүргөн Кыргыз жарандарына 15-июнга чейин өлкөдөн чыгып кетүү талабы коюлду

Орусияда мыйзамсыз жүргөн Кыргыз жарандарына 15-июнга чейин өлкөдөн чыгып кетүү талабы коюлду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Жогорудагы талап бир эле Кыргыз өлкөсүнүн жарандарына карата эмес, КМШга мүчө мамлекеттердин жарандарына карата Орусиянын Ички иштер министрлиги тарабынан айтылды. Министрликтин маалыматына боюнча Орусияда төмөндөгү өлкөлөрдөн келип мыйзамсыз жүргөн жарандар бар:

— Кыргыз мамлекетинен — 115 миң;
— Өзбекстандан 332 миң;
— Тажикстандан 247 миң;
— Украинадан 152 миң;
— Азербайжандан 120 миң;
— Армениядан 61 миң;
— Молдовадан 56 миң;
— Казакстандан 49 миң.

Эгерде 15-июнга чейин статистикада көрсөтүлгөн сандар жоюлбаса, анда мыйзамсыз жүргөн жарандар өлкөнүн аймагынан күчтөп чыгарууга чейин жазаланарын жана чек ара жабылышы ыктымал экендиги айтылды. Өткөн жылдын декабрь айында Орусиянын президенти Владимир Путин коронавируска байланыштуу мигранттардын аталган мамлекетте убактылуу жашоо мөөнөтүн 2021-жылдын 15-июнуна чейин узарткан эле.