Орусияда соттолгон Кыргыз жарандарынын саны 1,5 эсеге өстү. ТИМ буга эмне себеп болуп жатканын айтты

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Орусияда 2021-жылы соттолгон кыргызстандыктар 2020-жылга салыштырмалуу 1,5 эсеге көп. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров 28-июнда “Ыйман Нуру” фракциясынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кармоонун негизги себептери катары өлкөдө жүрүү эрежелерин бузуу, өлкөгө кирүү эрежелерин бузуу, спирт ичимдиктерин ичүү, баңгизаттарды колдонуу жана бейбаштык болуп саналат. «Биздин жарандар Өзбекстан менен Тажикстандын жарандарына караганда көбүрөөк. Статистика ушундай. Акыркы убакта мындай фактылар көбөйүүдө. Муну эске алышыбыз керек”, — деди Азизбек Мадмаров.

Депутат Султанбай Айжигитов кылмыштуулуктун көбөйүшүнө эмне себеп болуп жатканын билдирди.

«Бизде мындай маалымат жок. Бизге белгилүү болгондой, акыркы убакта Орусиянын мыйзамдарында чоң өзгөрүүлөр болгон жок. Мүмкүн Орусия тарап мигранттарды катуураак карай баштагандыр. Анткени алар да мигранттарды карап турушат», — деди Азизбек Мадмаров.

Акыйкатчы Аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков учурда Орусиянын абактарында 985 кыргызстандык кармалып жатканын билдирди.