Орусиядагы жарылууда жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок

9-августта Орусиянын Москва облусунун Сергиев Посад шаарындагы оптикалык өнөр жай ишканасында болгон жарылуу боюнча Тышкы иштер министрлиги маалымат берди.

«Орусиянын компетенттүү органдарынан алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары катталган эмес. Учурда жардыруу болгон жерде ыкчам кызматтар өрттү өчүрүүдө. Министрлик кырдаалга байкоо жүргүзүүнү улантууда», — дешти.