Орусиядагы жол кырсыкта каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөгүн өлкөгө алып чыгышты

Орусиянын Ульянов облусунда жол кырсыгынан каза тапкан 14 кыргызстандык жарандын сөөгү атайын учакка жүктөлүп, жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:10дө Кыргызстанга учуп чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча 3,5 саат аралыгында Кыргызстандын Ош шаарындагы аэропортуна конору күтүлүүдө. Ульянов шаарына Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, президенттин администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев, Орусиядагы Кыргызстандын консулу Манас Жолдошбеков жана элчиликтин өкүлү Доорбек Абдразаков жеринде Орусиянын ӨКМнин Ульянов облусун башкы башкармалыгынын башчысы, генерал-майор Михаил Осокин жана орун басары, полковник Михаил Николаев менен жолугушуп, тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлгөн.