Орусиядагы каргашада эрдик көрсөткөн 15 жаштагы Ислам сыйланды

Орусиянын Балдар акыйкатчысы Мария Львова-Белова Ислам Халилов менен Артем Донскойду теракт учурунда адамдарды сактап калгандыгы үчүн сыйлады. Бул тууралуу «Известия» жазды.

Иш-чара 25-мартта Красногорск шаарындагы №19 орто мектепте өттү.

Ал теракт болгон күнү өспүрүмдөр комплекстин аймагындагы кийим илүүчү иштеп жатышканын эске салды. Львова-Белова балдарга кайраттуулугу учун алкыш айтып, мектеп алар менен татыктуу сыймыктана ала тургандыгын баса белгиледи.