Орусиядагы массалык мушташ боюнча элчилик үн катты (видео)

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Москва шаарынын Химки районундагы белгисиз адамдар менен болгон чыр-чатактын натыйжасында жаракат алган 4 Кыргыз жараны тууралуу социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтарга байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирди.

Маалыматка караганда, учурда Орусия Федерациясынын тиешелүү компетенттүү органдары тарабынан күнөөлүүлөрдү аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Ошондой эле элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарына туруктуу негизде юридикалык жана консулдук жардам көрсөтүп жатат. «Эске сала кетүүчү жагдай, социалдык тармактарда таратылып жаткан улуттар аралык негиздеги чыр-чатактын келип чыгуусу жөнүндө маалыматтар чындыкка дал келбейт. Андыктан элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарын чагымчылдыкка алдырбоого, сабырдуу болууга жана Орусия Федерациясынын мыйзамдарын бузбоого чакырат», — деп айтылат маалыматта.

Москванын түштүк-чыгышында кечээ, 12-июлда Кыргызстан менен Тажикстандан барган мигранттардын катышуусунда массалык мушташ болгону маалымдалган.