Орусиядагы миграциялык мыйзамдардагы өзгөрүүлөр тууралуу эскертүү берилди 

Эмгек министрлиги 2025-жылдан тарта Орусиядагы миграциялык мыйзамдардагы өзгөрүүлөр тууралуу эскертти.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, 2025-жылдын 1-январынан тартып Орусияда чет өлкөлүк жарандар үчүн жаңы эрежелерди караган федералдык мыйзам күчүнө кирет. Жаңы киргизүүлөргө ылайык, чет өлкөлүк жарандар Орусиянын аймагында уруксат берүүчү документтери жок бир календардык жылдын ичинде 90 суткадан ашык жүрө алышпайт. Көрсөтүлгөн мөөнөт Орусиянын мыйзамдарында каралган негиздер болгон учурда узартылышы мүмкүн. Муну менен катар, 2025-жылдын 5-февралынан баштап «Орусиядагы чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө» Федералдык мыйзамынын айрым жоболору күчүнө кирет, анда Орусияда мыйзамдуу болууга укугу жок чет өлкөлүк жарандарга карата «чыгаруу режимин» киргизүү каралган. Ошондой эле контролдонуучу адамдардын реестрин түзүү менен контролдонуучу адам түшүнүгү киргизилет.

Министрлик Орусияда мыйзамдуу негиздерсиз жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары бул Реестрге киргизилиши мүмкүн экендигин белгилейт. Реестрге киргизилген адамдардын транспорт каражаттарын башкаруу, айдоочулук күбөлүк алуу, кыймылсыз мүлктү сатып алуу же ажыратуу, жеке ишкер катары катталуу, никеге туруу, акча которуу ж. б. мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болот. Ушуга байланыштуу, министрлик Кыргыз Республикасынын жарандарынан өзүнүн болуусунда болгон бардык кемчиликтерди четтетүүнү жана Россия Федерациясынын аймагында ыңгайлуу болуу үчүн көрсөтүлгөн жаңылыктар менен кунт коюп таанышууну өтүнөт.