Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинде студент тарабынан атылган октон каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
«Пермь аймагынын компетенттүү органдарынын алдын ала маалыматы боюнча, 20-сентябрда Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинде болгон окуяда жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок», — деп айтылат маалыматта.
Кечээ, 20-сентябрда таң эрте жогоруда аталган окуу жайдын 18 жаштагы студенти ок чыгарган. Анын кесепетинен 8 адам көз жумган.