Орусиядагы теракттан кийин дайынсыз болуп жаткан 2 Кыргыз кызынын ысымы каза болгондордун тизмесинде жарыяланды

Орусиядагы теракттан кийин дайынсыз болуп жаткан эки Кыргыз кызынын ысымы каза болгондордун тизмесинде жарыяланды. Тизмени кечээ, 26-мартта Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаңылап илди.

Буга чейин 24 жаштагы Эдита Жусупова жана 20 жаштагы Маиза Гүлжигит кызы дайынсыз болуп изделип жаткан болчу.