Эмгек министрлиги муктаж болгон жарандарга жардам көрсөтүү үчүн 810 тонна ун, 120 тонна май алды. Бул тууралуу аталган министрилктен билдиришти.
Бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу Орусия тарабынан берилген 810 тонна байытылган ун жана 120 тонна өсүмдүк майын алды. Долбоорлорго катышкан 27 миң үй-бүлөгө буудай уну берилет. Жардам «эмгек ордуна азык-түлүк» долбоорунун катышуучуларына, ошондой эле башталгыч класстардын окуучулары үчүн акысыз түшкү тамак даярдоо үчүн өлкөнүн мектептерине бөлүштүрүлөт. Ар бир үй-бүлөгө 150 килограмм ун жана 15 литр өсүмдүк майы берилет. Сөз болуп жаткан долбоорлорго аз камсыз болгон жарандардын ирригациялык тармактарды жана ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын калыбына келтирүүгө, бак-дарактарды отургузууга, жээктерди бекемдөөгө, республика боюнча көпүрөлөрдү жана дренаждык тутумдарды курууга катышуусу кирет.