Орусиядан келе жаткан кыргызстандык суукта Казакстандын жолунда калып калган. Ага полиция жардам берди

Кыргыз жараны Самат Осмоналиев Павлодар облусунда аяздын курмандыгы болуп кала жаздады. Аталган облустаа бир нече күндөн бери катуу суук жүрүүдө: термометр 40 градус суукка чейин төмөндөп жатат. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

Самат Осмоналиев Новосибирсктен Бишкекке бара жаткан. Калкаман айылына жакын жерде анын DAF үлгүсүндөгү унаасынын майы тоңуп калган. Ал кишинин айтымында, ары-бери өткөн унаалар токтоп жардам беришкен эмес.

«Күн бою жолдун жээгинде турдум, аябай үшүдүм. Суукта дене табым көтөрүлүп, чыйрыгып чыктым«, — деген Самат үмүт үзгөнүн айтат. Бактыга жараша ал Калкаман айылдык милиция бөлүмүнүн патрулдук тобунун келе жатканын көргөн. Осмоналиев жагдайды түшүндүрүп, милиция кызматкери Махади Терлуев аны Калкаман айылындагы үйүнө конокко чакырган.

«Мен анын үйүндө үч күн болдум. Аялы даамдуу шорпо бышырып, чай берди. Милиция унаамды жылытып, стартерди алмаштырышты. Өзүмдү жакшы сезе баштаганда дароо жолго чыктым. Алардын жардамы болбогондо, мен эмне болмокмун, билбейм», – деди Самат.