Орусиядан Кыргызстанга кароосуз калган 7 бала кайтарылды

Кароосуз калган 7 жашы жете элек бала Орусиядан Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, кайтаруу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги менен Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен уюштурулган.

Эми министрлик, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктары менен бирдикте, кайтып келген балдарды биологиялык үй-бүлө менен бириктирүү боюнча иш алып барат. Эгерде баланы биологиялык үй-бүлө менен кайра бириктирүү мүмкүн болбосо, асырап алуу үчүн өткөрүп берүү маселеси каралат.