Орусиядан Кыргызстанга 1084 тонна ун келди

Орусиядан Кыргызстанга 1084 тонна ун келди. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, ушул жылдын 2-апрелинде Ош шаарында, ал эми 5-апрелде Бишкектеги башкы консулдуктун жана Орусия элчилигинин катышуусунда келген унду өткөрүп алышкан. Маалыматка ылайык, азык-түлүк 5 миң 500 үй-бүлөгө жана өлкөнүн аймактарындагы 78 мектеп окуучусуна максаттуу таратууга багытталган. Жардам берүү Орусиянын 2020-2021-жылдарга БУУнун дүйнөлүк тамак-аш программасы фондуна 9 миллион доллар көлөмүндө ыктыярдуу төгүмдөрүнүн алкагында ишке ашты.

«Орусия Кыргызстанда тамак-аш коопсуздугун бекемдөө боюнча мындан башка да эл аралык долбоорлорду каржылоону улантат. Орусиянын финансылык жана техникалык жардамынын аркасында республиканын 700 мектебиндеги 400 миңге жакын окуучу ысык тамак-аш менен камсыз болду», — деп айтылат билдирүүдө.