Орусияга барган президенттерге кечки тамакка эмне берилди?

Кечээ, 21-февралда Казанда «Келечек оюндарынын» ачылыш аземинен кийин Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттерин расмий кабыл алуу болду.

Конокторду Орусиянын президенти Владимир Путин тосуп алган. 

Буга чейин «Келечек оюндарынын» ачылышына Александр Лукашенко, Касым-Жомарт Токаев, Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзийоев катышканы маалымдалган. «Пул Первого» Telegram каналы кечки тамактан жана менюдан сүрөттөрдү жарыялады.