Орусияга иштөө үчүн барган 18 Кыргыз жаранынын паспортун алып коюшкан

24-августта Кыргыз жарандарынын жумуш берүүчү тарабынан алынып коюлган паспортторун кайтарып алууга көмөк көрсөтүү тууралуу кайрылуусуна байланыштуу консулдук бөлүмдүн кызматкерлери Калуга облусунун Балабаново шаарына барышты.

Маалыматка караганда, 17-майда Кыргызстандын 18 жаранынан турган тобу Бишкектен Балабанового иштөө үчүн бейтааныш аял аркылуу барганы аныкталган. Орусияга барганда Айнагүл аттуу аял аларды Шереметьево аэропортунан тосуп алып, Балабанового алып барып, алардын паспортторун алып кеткен. Андан кийин алар «Техмашимпекс» ЖЧКсында эки ай иштешкен.

24-августта Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн кызматкерлеринин жардамы менен паспорттор ээлерине кайтарып берилген. Кыргыз жарандары менен Орусиянын эмгек мыйзамдарынын маселелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул факты боюнча иштер мыйзамсыз миграцияны уюштурууга жол бербөө максатында Орусия менен Кыргызстандын укук коргоо органдары аркылуу улантылат.