Орусияга кимдер учуп кете алат? “Манас” аэропортунан маалымат

Орусияга кимдер учуп кете алат? “Манас” эл аралык аэропорту суроолор көп түшүп жатканына байланыштуу эрежелер тууралуу маалымат берди.

“Манас” аэропорту авиабилеттер менен иш алып барбагандыгын, алардын бааларын коюп жана жөнгө салбагандыгын билдирет. Авиакомпаниялар менен жүргүнчүлөрдүн ортосундагы эч кандай каржылык мамиле менен да алектенбей турганы да айтылат.

Кыргыз жарандары үчүн 21-сентябрдан тарта Орусияга кирүүгө чектөө алынып, туруктуу каттамдар жанданган. Каттамдарды ар аптанын жума күнү “Аэрофлот” жана “Авиа Траффик” авиакомпаниялары аткарууда. Орусиянын  талабына ылайык, Кыргыз жарандары коронавируска ПЦР-анализин Орусияга келгенге чейин 3 күндөн эрте эмес алынышы зарыл.

Мындан тышкары, «Аэрофлот», «S7» жана «Урал аба жолдору” аркылуу Орусиянын жарандары жана түрдүү себептер менен учууга мажбур болгон Кыргыз жарандары үчүн чартердик каттамдар аткарылууда.
“Манас” аэропорту бардык жүргүнчүлөрдөн авиабилеттер жана Орусияга  кирүү талаптары боюнча авиакомпанияларга же Орусиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигине кайрылууну өтүнөт.

Коронавирус пандемиясынан улам көптөгөн өлкөлөрдүн чек аралары жаз мезгилинен бери жабык турат. Март айынан тартып Орусия чет элдиктердин, анын ичинде Кыргыз жарандарынын Орусияга кирүүсүнө чектөө киргизген.