Орусияга кирүү үчүн эми ПЦР-тест тапшыруунун зарылдыгы жок

Орусияга кирген чет элдик жарандар ПЦР-тестинин жыйынтыгын көрсөтүүдөн бошотулат. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Бул эреже 2022-жылдын 21-октябрынан тартып күчүнө кирет. Бирок Орусиянын аймагына киргендер үчүн анкета толтуруу талабы сакталууда.

Коронавирустук инфекцияга каршы эмдөөдөн өтпөгөн орусиялык жарандар да өлкөгө келгенде милдеттүү түрдө ПЦР-текшерүүдөн бошотулат.