Орусия Кыргызстанга жардам катары 100 миң ПЦР-тест бермей болду

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Орусиянын Москва шаарында Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова менен жолугуп, COVID-19га жана иммундук-ферменттик анализ жүргүзүү үчүн 100 миң ПЦР-тест алуу макулдашылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошону менен бирге ушул жылы мобилдүү автономдук лаборатория берүү маселеси чечилген.

Мындан тышкары, Орусиянын адистеринин кыргызстандык медиктерди окутуу жагынан да көмөктөшө турганы белгилүү болгон.

Жолугушуунун соңунда, министри Бейшеналиев COVID-19 менен күрөшүүдө колдоо көрсөтүп жатканы үчүн Орусия өкмөтүнө жана Роспотребнадзордун башчысы Анна Поповага ыраазычылык билдирди.