Орусиялык актёр Михаил Боярский кулап, ооруканага жаткырылды

Белгилүү орусиялык актёр Михаил Боярский бийиктен кулап, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу РБК жазды.

«Сахнанын артынан жыгылып, бир кабыргасы сынды»,- деген актёрдун жубайы. 

Ал арада Орусиянын Telegram каналдары окуя 14-апрелде болгонун жазып чыгышты. 75 жаштагы Боярский чалынып, 3 метрдей бийиктиктен кулап түшкөн.

Маш басылмасы омурткасын стабилдештирүү үчүн операция жасаларын айтты.