Орусиялык блогер кыргызстандык таксистке жаңы унаа белек кылды (видео)

Орусиялык блогер Гусейн Гасанов Москвада таксист болуп иштеген кыргызстандыкка жаңы унаа белек кылды. Видеону блогер социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Видеонун башында аны бекер алып барган таксист жаңы унаага ээ болорун айтат. 

Гасанов досу менен чогуу такси токтотуп, аларда акча жок экенин айтып, бекер алып кетүүнү суранышат. Бирок таксисттердин көбү бекер алып баруудан баш тартышат. Кыргыз жараны блогерди айткан жерине акысыз алып барып, жаңы унаага ээ болду.