Блогер Варламов: «Бишкектеги бардык мейманканалар менен хостелдер орусиялык качкындарга толуп калган»

Орусиялык блогер Илья Варламов Бишкектеги батир ээлерин бааларды кымбаттатканы үчүн тамашалап, шаардагы бардык мейманканалар менен хостелдерди орустар ээлеп алганын айтты. Бул тууралуу ал Инстаграмдагы баракчасына жазды.