Орусиялык миллионер Александр Лебедев Кумтөргө барды

Орусиялык бизнесмен, Мамлекеттик Думанын экс-депутаты жана медиа магнат Александр Лебедев Кумтөр кенине барды. Бул тууралуу ишкер Инстаграмдагы баракчасына жазып чыкты.

Александр Лебедев «Форбс» («Forbes») журналынын «Орусиянын эң бай 200 ишкери» деген 2015-жылдагы рейтингинде 188-орунду ээлеген. Ошондой эле «РБК» басылмасы жазгандай, Лебедевдин уулу — Евгений Лебедев «The Evening Standart» менен «The Independent» ЖМКларынын ээлеринин бири. Андан тышкары бир нече кайрымдуулук акцияларын уюштуруп келет. 2020-жылы декабрда Евгений Лебедев Улуу Британиянын парламентинин лорддор палатасынын мүчөсү болуп, ант берген.